БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тараптын кол салуусунан жарадар болгон чек арачы Дастан Шариповго Бишкектен үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Атайын кызматтын жетекчиси чек арачыны тарбиялаган ата-энесине ыраазычылык билдирген. Ошондой эле ал жоокердин жасаган эрдиги өсүп келе жаткан муунга үлгү болорун белгилеген.
© Фото / пресс-служба Пограничной службы ГКНБ КР
Маалыматка ылайык, Дастан Шарипов 2022-жылдын 16-сентябрында Тажикстандын баскынчылыгында мина жарылып, оң бутунун сөөгү талкаланган. Андан кийин ампутациялоого туура келген. Мындан тышкары, сол буту күйүп, денесине чачырандылар тийген. Учурда ал бир уулду тарбиялап, ата-энеси менен жашап жатат.
Ташиев мамлекет кыргыз-тажик чек ара жаңжалына катышкандарды унутпай турганын белгиледи.