30-сентябрда Талас облусундагы улуттук "Манас-Ордо" тарыхый-этнографиялык комплексинде "Кылым карыткан кыргыз ала кийизи" эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Нуркан Молдобаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, маданий иш-чаранын башкы максаты — улуттук баалуулуктарды даңазалоо.
"Таласта мыкты ала кийиздердин фестивалы өтөт. Маданий иш-чара 30-сентябрда "Манас-Ордо" тарыхый-этнографиялык комплексинде уюштурулат. Бүгүнкү күндө министрликтен каражат бөлүнүп, даярдык иштери жүрүүдө. "Кылым карыткан кыргыз ала кийизи" эл аралык фестивалына кошуна өлкөлөрдөн да коноктор келет. Фестиваль үч багытта өтөт. Калыстар тобу эң мыкты ала кийиздерди аныктайт. Катышуучулардын жаш курагы чектөөгө алынган эмес, каалоочулардын баары катышса болот. Ошондой эле жөн гана келип, катышып, көрүп кетүүгө кыргыз элин чакырам. Улуттук баалуулуктарбызды даңазалап, жаштарга өткөрүп берүү биздин милдет. Иш-чаранын алкагында жаштарга арналып сынак уюштурулат", — деди Молдобаева.
Ал жаштарды маданиятка жана эмгекке тартуу керектигин кошумчалады.