УКМК "Аю" компаниясына таандык дагы бир ишкананы жери менен мамлекетке кайтарды

Атайын кызмат ишкананын жетекчилиги мурдагы премьер-министр менен сүйлөшүп мыйзамсыз аракеттерди ишке ашырганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Аю" холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго таандык "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" (ККНК) ишканасы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткени аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 1997-жылы ККНК Япония өкмөтүнөн жана "KFW Германия" банкынан эки техникалык кредит (жабдуу) алган. Буга байланыштуу Финансы министрлиги кредитор катары ишкана менен 916 миң 137 немец маркасы жана 5 миллион 246 миң 600 доллар өлчөмүндө карыздык милдеттенме түзүшкөн.
"2014-жылы Шаршенбек Абдыкеримовдун адамдары ККНКнын жана Токмок шаарында жайгашкан "Касиет КПФ" ишканасынын акцияларынын контролдук пакетине ээ болушкан. Ошону менен бирге 2015-жылы Финансы министрлигине караштуу Финансылык кредиттик фондго күрөө катары технологиялык жабдууларды жана Бишкек шаарынын Чүй проспекти, 4 дарегинде жайгашкан 4,1 гектар жер тилкесин берген. Ал эми 2016-жылы жооптуу адамдар премьер-министрге кредиттик келишимди жана күрөөгө коюлган мүлктү ККНКдан "КПФ Касиет" ишканасына өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Жыйынтыгында өкмөттүн токтому менен карызын мамлекетке башка күрөөлүк камсыздоо менен жалпы суммасы 519 миллион сомго "КПФ Касиетке" өткөрүп берилип, ККНКнын мүлкүнөн бардык чектөөлөр алып салынган", — деп айтылат маалыматта.
Ошону менен ККНКнын аталышын "Битекс Компани" деп өзгөртүп кайра каттоо менен Абдыкеримовдун адамдары аталган жер тилкени менчиктөө укугуна ээ болгон.
Тергөөнүн жыйынтыгы жана алынган далилдердин негизинде ККНКнын мүлктөрү, 4,1 гектар жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.
Белгилей кетсек, "Аю" компаниясынын спирт жана арак чыгарган заводу мамлекетке алынды. Президент Садыр Жапаров компанияга салыкты жашырып, акцизди жасалмалап жана спиртти контрабанда кылганын айткан. Ал эми өткөн жумада "Аюнун" негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынган.
Агенттик директору Токтогулов: "Аюнун" директору өзү келип заводун берем деди