Өлкөдө мугалим, медик кесибин тандагандар кайра азайып баратат. Статистика

Мугалим болууну каалап, ЖОЖдорго тапшыргандардын саны 2020-жылы дээрлик эки эсе көбөйгөн эле.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстанда былтыр 38 775 абитуриент жогорку окуу жайга тапшырган, анын ичинен 21 902си кыздар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2022-жылга карта билим берүү тармагы тууралуу басылмасында камтылган.
Мугалим кесибин тандагандардын саны 2020-жылы дээрлик эки эсе көбөйүп, бирок кийинки жылдары кайра азайып баратканы байкалат. Аны менен катар медицина тармагында окугандардын да саны соңку эки жылда кыскарган.
Педагогика факультетине тапшыргандардын саны (5 жылдык статистика):
2018-жылы — 5 103;
2019-жылы — 8 132;
2020-жылы — 15 749;
2021-жылы — 12 797;
2022-жылы — 8 168.
Медицина факультетине тапшыргандардын саны (5 жылдык статистика):
2018-жылы — 5 584;
2019-жылы — 9 474;
2020-жылы — 9 694;
2021-жылы — 6 897;
2022-жылы — 4 964.
Министрлик: Кыргызстанда орточо айлык 32 146 сомду түздү