Кыргызстанда Казакстандын уну кымбаттады. Өкмөт жыйын өткөрдү

Төрөбаев учурда республикада буудайдын тартыштыгы жок экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын, нефтетрейдерлер жана ун чыгаруучу ассоциациялардын жетекчилери менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү.
Анын жүрүшүндө казак унунун баасынын жогорулашы жана кымбатташы мүмкүн болгон күйүүчү-майлоочу майга байланыштуу маселелер талкууланды.
Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуп, учурда республикада буудайдын тартыштыгы жок экенин, баанын өсүшү Казакстандан келген унга карата гана байкаларын белгиледи.
"Эгер мындай жагдай буудайдын чыныгы тартыштыгы менен байланыштуу экенин байкасак, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканаларын керектүү көлөмдөгү буудай менен камсыздайт. Мамлекеттик резервде күн карама майы, ун, кумшекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөр жетиштүү көлөмдө бар. Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз", — деди Төрөбаев.
Ал жыйындын соңунда сезондук айыл чарба жарманкелерин өткөрүү, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майдын индикативдик балансынын өлчөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.
Экономика министрлиги кымбатчылыктын себептерин айтты