Түз эфир Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунун "Вконтакте" баракчасы аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт.
Постсоветтик аймакта геосаясат кандай өзгөрүп жатат? Кыргызстандын, Россиянын жана КМШнын башка мамлекеттеринин алдында кандай чакырыктар пайда болууда? Бишкек үчүн Москва менен кызматташуунун келечеги кандай? Ушул жана башка маселелерди төмөнкү адистер талкуулайт:
Маркедонов Сергей Мирославович — МГИМОнун Эл аралык изилдөө институтунун алдыңкы илимий кызматкери, Горчаков атындагы коомдук дипломатия фонду менен Россиянын коомдук иштер боюнча кеңешинин эксперти;
Жоробекова Айнур Эшимбековна — Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер жана укук кафедрасынын жетекчиси;
Усубалиев Эсен Есенкулович — чыгыш таануучу, эл аралык мамилелер боюнча адис, тарых илимдеринин кандидаты;
Бердаков Денис Михайлович — саясат таануучу;
Рахимов Кубат Калыевич — "Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун аткаруучу директору.
Урматтуу кесиптештер, суроолорду Telegram-каналга (0772) 17-54-88 номери аркылуу жөнөтүңүз. Модератор аларды түз эфирде окуйт.