БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 20-22-сентябрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, эртең, шаршембиде, көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын айтып ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17 градус;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 градус;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20 градус;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14 градус;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6, айрым жерлеринде -1…-3 градуска түшүп үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 9…14 градуска жетет;
республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2 градус сууктан…+3 градуска чейин, күндүз 4…9 градус болот;
бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11 градус суук, күндүз -2 градус сууктан…+3кө чейин болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.
ӨКМ элди коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырып, кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү кызматына байланышууну эскертти.