Пресс-борбор

Интеграция деген эмне жана ал эмне үчүн керек? Эксперттин түшүндүрмөсү

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Интеграция ири алдыда ресурстарга жеткиликтүүлүк экендигин чыгыш таануучу, эл аралык мамилелер боюнча адис, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, интеграция деген эмне экенин баары эле түшүнө бербейт, көп учурда муну жөн гана макулдашууларга кол коюу деп эсептешет.
"Азык-түлүк, энергия, суу, тартыштыгынын кооптуулугу жаралса, бардыгы интеграцияга баш коюшат. Эгерде кимде ресурс бар деп сурасаңар, ал Россияда. Биз анын ордуна эмне бере алабыз. Эмгек (интеллектуалдык жана кара күч) жана сырье. Андыктан интеграция — бул алмашуу, өз ара алака, кызматташуу", — деди Усубалиев.
Ал АКШны мисалы келтирип, өлкө "ресурс менен камсыздалып, бекемделбеген жана өздөрү басып чыгарган убактылуу акчаны" сунушташарын белгиледи.
"Борбордук Азияда жана Евразияда уникалдуу мүмкүнчүлүктөр бар, булар деген түбү жок ресурстар да. Эгерде дүйнөлүк финансылык система урап түшсө да, биз жумушчу күчүн жөн гана ресурстарга алмаштыра алабыз", — деген тарыхчы.
Пресс-борбор
Эксперт: өлкөлөрдүн өз багытын тандоосу Россиядан оолактоого айланбаш керек