Чаткал районуна жаңы аэропорт курулат. Бөлүнгөн жер тилкеси изилденүүдө

Буга чейин президент жаңы аба майданын 2024-жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун алыскы Чаткал районуна аба майданы курулат. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын директору Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, Каныш-Кыя айылындагы аэропорттун учуу тилкесинин узундугу азыркы учактарга кыскалык кылат.
"Андыктан учурда жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, бөлөк жер берилип жатат. Азыр изилдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал иштер бүт талаптарга жооп берсе, ошол жерге жаңы аэропорт курулат", — деди Самидинов.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Чаткалдагы аба майданын "Манас" аэропортунун балансына кайтарууну тапшырган. Ал 2000-жылдары облустук администрацияга мыйзамсыз өтүп кеткенин айткан. Мамлекет башчы 2024-жылы жаңы аэробекеттин курулушун баштап, жыл аягына чейин бүтүрүүнү тапшырган.
"Манас" аэропорту жакында дагы эки учак сатып алат