БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу Бишкекте өтө турган аналитикалык конференциянын мааниси тууралуу маалымат беришти.
Маматалиевдин айтымында, конференция Чоң Евразиянын алдындагы ар кыл көйгөйлөргө, чакырыктарга үңүлүп кароого жана анын чечилишин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.
"Платформа Евразия континентинде кызматташтык жана өнүгүү көпүрөсүн куруу үчүн чечимдерди издөөдө талдоо жүргүзүү, билим, идея жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет. Социалдык-экономикалык маселелер туруктуу жана адилеттүү коомду түптөөдө чечүүчү ролду ойнойт. Тездик менен болуп жаткан саясий өзгөрүүлөр жана улам арбып бараткан маданий чакырыктар өзгөчө көңүл буруубузду талап кылат",— деген депутат.
Ал аналитикалык көпүрө туруктуулукту бекемдеп, чыр-чатактарды жөндөп, элдердин арасындагы диалогду бекемдөөдө саясий жана гуманитардык жааттагы тенденциялардын ыраатын аңдап-түшүнүүгө жардам берерин белгиледи.
© Sputnik / Азамат Аралбаев
Билим берүү министринин орун басары конференция Чоң Евразиядагы социалдык-экономикалык, саясий көйгөйлөрдөн тарта гуманитардык жааттагы аспектилерге чейин камтый турганын белгиледи. Авазбек уулунун айтымына караганда, конференциянын катышуучулары аймактагы татаал көйгөйлөрдү инновациялык жол аркылуу чечүү үчүн окумуштуулар, эксперттер арасында өз ара түшүнүү менен диалог курууга аракет кылышат.
"Бул конференция — идея алмашуучу аянтча гана эмес, Чоң Евразиянын, аймактык кызматташуунун туруктуу өнүгүшүн бекемдөөчү жаңы концепцияларды, сунуштарды алууга мүмкүнчүлүк", — деген ал.
Эске салсак, Бишкек шаарында "Чоң Евразиядагы аналитикалык көпүрө: социалдык-экономикалык, саясий жана гуманитардык көйгөйлөр" деп аталган эл аралык конференция өтөт. Ал Кыргыз-Россия Славян университетинин түптөлүшүнүн 30 жылдыгына арналган.