20-сентябрга карата аба ырайы

20-сентябрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Шаршемби күнү республиканын көпчүлүк аймагында жаан-чачын болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14...+19, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +16...+18, Ош калаасында +18...+20 градус болот.
Кар жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты