УКМК: Шенген визасын жасап саткан деп эки пакистандык кармалды

Чет элдиктер УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Шенген визасын даярдап жана сатуу менен алектенген чет элдик жарандар кармалганын УКМК кабарлады.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында чет элдик жарандар катышкан эл аралык мыйзамсыз миграциянын каналы аныкталган.
"Такталгандай, Пакистандын М.Р. жана А.В. аттуу жарандары ири суммадагы акча алуу үчүн Пакистандан келген туристтерге Италия Республикасынын жасалма Шенген визаларын туруктуу сатуу каналын уюштурушкан, андан ары алар Казакстан, Россия жана Беларусь аркылуу Европа өлкөлөрүнө жөнөтүүнү пландаштырышканы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Чет элдиктер УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Өзбекстан жараны арызданып, Ала-Букада жайыт комитетинин башчысы кармалды. Сүрөт