Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барды. Коштоп жүргөндөр

Иш сапар 21-сентябрга чейин уланат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, Нью-Йорк шаарына (АКШ) БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы БУУ саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана АКШ президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат.
"Мындан тышкары, Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумуна катышып, сөз сүйлөйт", — деп айтылат маалыматта.
Президентти коштоп кеткендер:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев;
президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов;
жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
юстиция министри Аяз Баетов;
Кыргызстандын БУУнун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.
Садыр Жапаровду Борбор Азия президенттери узаткан видео