Садыр Жапаров: Камбар-Ата ГЭСинин долбоору бардык инвесторлор үчүн ачык

Кыргызстан экологиялык жана жашыл долбоорлорду ишке ашырууда БУУнун Өнүктүрүү программасынын жардамына таянары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) администратору Аким Штайнер менен жолукканын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал сүйлөшүү Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында болду.
Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтык жөнүндө пикир алмашуу болуп, президент Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында колдоо программасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурган.
Жапаров 2023-жылы 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү боюнча күн тартибин ишке ашырууга бөлүнгөн убакыттын жарымы соңуна чыга турганын айткан. Ушуга байланыштуу ал БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өткөрүлгөн Туруктуу өнүгүү максаттарынын саммити абдан маанилүү жана актуалдуу иш-чара экенин баса белгилеген.
Жапаров айыл чарба, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, туризм, билим берүү, транспорт жана санариптештирүү тармактарында кызматташууну тереңдетүүнү сунуштаган. Тактап айтканда, үч өлкөнүн ири долбоорун — Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну белгилеп, ал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан ишке ашырылып жатканын айткан.
Бул долбоор бардык эл аралык инвесторлор үчүн ачык экендигин билдирген.
Кыргызстан экологиялык жана жашыл долбоорлорду ишке ашырууда БУУнун Өнүктүрүү программасынын жардамына, ошондой эле парник газдарынын чыгындыларын азайтуу максаттарына жетүү үчүн колдоо көрсөтүүсүнө таянат.
Жапаров Аким Штайнердин көңүлүн тоо мөңгүлөрүнүн интенсивдүү эришине алып келген климаттын глобалдык өзгөрүшүнө байланышкан кырдаалга бурган. Президент тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү жана чакырыктары тоолуу өлкөлөргө гана тиешелүү болбошу керектигин, тоо көйгөйлөрүн чечүү боюнча жалпы күч-аракеттер дүйнөлүк коомчулукта бир жерге топтолушу зарылдыгын кошумчалаган.
БУУӨПтун администратору туруктуу өнүктүрүү боюнча рейтингинде өлкөнүн позициясы канчалык өсүп жатканын эске алуу менен Кыргызстанда башка мамлекеттер үйрөнө турган нерселер бар экенин баса белгилеген. Ал өз тарабынан Кыргызстандын мурда кызматташуунун алкагында аныкталган артыкчылыктуу багыттарында жакынкы арада иштеп баштоого даяр экендигине ишендирди. БУУӨП администратору Аким Штайнер санариптештирүү жана "жашыл экономика" маселелери боюнча Кыргызстан менен кызматташтыкты арттырууну сунуштаган.
Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барды. Коштоп жүргөндөр