Ошто санитардык норма сакталбаган сулуулук салондору жана медициналык жай жабылды

Учурда калаада элдин ден соолугуна таасир этүүчү кызмат көрсөтүү жайлары текшерилип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ошто косметологиялык жана медициналык кызматтарды көрсөткөн 14 жай санитардык нормаларды сактабаганы үчүн жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Калаада калктын саламаттыгын сактоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүп жатат.
1 / 3

Ошто косметологиялык жана медициналык кызматтарды көрсөткөн 14 жай санитардык нормаларды сактабаганы үчүн жабылды

2 / 3

Калаада калктын саламаттыгын сактоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүп жатат

3 / 3

Анын алкагында беш сулуулук жана косметологиялык салон, төрт тиш дарылоочу борбор жана беш медициналык дарылоо бөлмөсүнүн санитардык талаптарды сактабаганы аныкталып жабылган

Анын алкагында беш сулуулук жана косметологиялык салон, төрт тиш дарылоочу борбор жана беш медициналык дарылоо бөлмөсүнүн санитардык талаптарды сактабаганы аныкталып жабылган. Мындан сырткары, бир катар жайларга тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилген.
Рейдге Ош мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери менен адистери катышканы белгиленди.
Текшерүүлөр сентябрдын аягына чейин уланат.
Ош шаарында талапка жооп бербеген 19 менчик медициналык жай жабылды