Бишкекте Константин Юдахинге арналган мурал пайда болду

Муралды Чүй проспектиси менен Төрөкул Айтматов көчөсүнүн кесилишинен көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкекте тилчи-окумуштуу Константин Юдахинге арналган мурал пайда болду. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Юдахин кыргыз тил билимин жана орус-кыргыз маданий диалогун өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн "орус кыргызы" деп айтылып калган. Юдахин — көрүнүктүү лингвист, профессор, академик, кыргыз-орус жана орус-кыргыз фундаменталдык сөздүктөрдүн автору.
Юдахиндин портрети Кыргыз-Россия Славян университетинин гуманитардык факультетинин фасадына тартылды.
Арт-объект "Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас" фестивалынын алкагында ачылды.
Акын, котормочу Синельников Бишкекте поэзия сүйүүчүлөрү үчүн лекция окуду