Радио

Кыргызстанда каратэнин салттуу жана спорттук түрү бирге өнүгүүдө

Бишкек Каратэ-до SKIF федерациясынын президенти, эл аралык даражадагы калыс Мирлан Утуров каратэ жаракатсыз спорттун түрүнө киргендиктен ата-энелердин көбү балдарын машыгууга алып келерин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда каратэнин салттуу жана спорттук түрү жайылып, кыздар, балдар машыгып келет. Эки федерация биргелешип турнирлерди уюштуруп, каратэни жайылтуу аракетинде. Бул тууралуу Мирлан Утуров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын каратэ чеберлери дүйнөдө алдыңкы спортчулардын катарына кирет.
"Кыргызстандын Каратэ SKIF федерациясы 2002-жылдан бери дүйнөлүк федерацияга мүчө болуп, ошондон тарта эл аралык мелдештерге катышып келе жатабыз. Ар бир ири мелдеште биздин спортчулар күчүн сынап, байгелүү орундарды алып келишет. Өзгөчө акыркы жылдары каратэге кызыгуу күчөп, өспүрүмдөрдүн саны көп. Себеби бул япондордун уруш өнөрү катары саналып, анда балдарды намыскөйлүккө, тайманбастыкка, өзүн алып жүрүүгө, улууга урмат кылууга үйрөтөт. Мындан тышкары, каратэ жаракатсыз спорттун түрүнө киргендиктен ата-энелердин көбү балдарын бизге ээрчитип келишет. Жылдан жылга атаандаштык күчөп, курама команданын абалы да жакшырды. Кыргызстанда каратэнин салттуу жана спорттук түрү жайылып, кыздар, балдар машыгып келет. Эки федерация биргелешип турнирлерди уюштуруп, каратэни жайылтуу аракетинде", — деди Утуров.
Ошондой эле адис каратэни өлкөнүн аймактарында өнүктүрүүгө басым жасалып, мамлекеттик колдоо керектигин кошумчалады.