Кыргызстанда күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүп, 68 кг баңгизат табылды

Натыйжада 24 баңги кылмышы катталып, шектүү катары 26 адам кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 11-15-сентябрь күндөрү баңгизатка каршы эл аралык "Канал-Перехват" операциясы жүргүзүлүп, 68 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган операцияга ички иштер, коопсуздук органдарынын өкүлдөрү, чек арачы жана бажычылар тартылган. Бардыгы болуп 2 240 киши иштегени айтылды.
1 / 5

Кыргызстанда 11-15-сентябрь күндөрү баңгизатка каршы эл аралык "Канал-Перехват" операциясы жүргүзүлүп, 68 килограммдан ашык баңгизат табылды.

2 / 5

Аталган операцияга ички иштер, коопсуздук органдарынын өкүлдөрү, чек арачы жана бажычылар тартылган.

3 / 5

Бардыгы болуп 2 240 киши иштегени айтылды.

4 / 5

Натыйжада 24 баңги кылмышы катталып, 26 адам кармалган.

5 / 5

Анын ичинен издөөдө жүргөн эки адам колго түшүп, 5 ок атуучу курал алынган.

Натыйжада 24 баңги кылмышы катталып, 26 адам кармалган. Анын ичинен издөөдө жүргөн эки адам колго түшүп, 5 ок атуучу курал алынган.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 68 килограмм 640 грамм баңги каражаттары жана психотроптук заттардын бардык түрлөрү алынган, алардын ичинен:
32 килограмм 210 грамм гашиш;
31 килограмм 340 грамм марихуана;
синтетикалык баңгизаттар: альфа PVP, мефедрон, 4 килограмм 247 грамм MDMA экстазы.
Операция учурунда учкучсуз аппараттар, кызматтык издөө иттери пайдаланылган.
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү. Жыйынтыгы