Измирде кулаган тик учактагы үч пилоттун сөөгү табылды

Тик учакта төрт адам болгон, анын үчөө кыргызстандык эле.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Измирде кулаган тик учактагы үч пилоттун сөөгү табылганын TRT Haber жазды.
"Экипаж мүчөлөрүн табуу үчүн Анкарадан 10 куткаруучу-суучул келген. Сөөктөрдү ошолор алып чыккан. Иликтөө иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кырсык 16-сентябрда жергиликтүү саат боюнча 23:53тө болгон. Түркиянын Измир провинциясындагы токойдогу өрттү өчүрүүгө барган учак "Тахталы" суу сактагычынан суу алып жатканда кулаган. Экипажда жалпы төрт адам болсо, анын үчөө кыргызстандык эле.
Борттогу төрт адамдын ичинен экинчи учкуч катары иштеп жаткан кыргызстандык пилот аман калган. Ал учурда ооруканада, абалы жакшы.
Буга чейин учактагы үч кыргызстандыктын баары келишим менен эки айга барганы маалым болгон.
Австралиядагы аралда АКШнын 20 деңиз аскери машыгып жаткан тик учак кулады