Пресс-борбор

КМШ кеңешинин IX жыйынында талкууланчу маселелер

Жыйын Бишкекте сентябрь айынын соңунда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. КМШ мамлекеттеринин өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жыйынынын алкагында бир катар маселелерди талкуулоо жана өндүрүш ишканаларын көрүп келүү пландалууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Кеңештин жыйыны 28-29-сентябрь аралыгында Бишкекте өтөт. Ага профилдик министрликтердин өкүлдөрү катышып, өнөр жай кооперациясындагы маселелерди талкуулоо пландалды.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова
"Жыйында 15ке жакын маселе каралат. Алар: кеңештин мурдагы чечимдеринин аткарылышы, кадрдык потенциал, Шериктештиктин алкагындагы келечеги бар багыттар, химиялык өнөр жай, таштандыны кайра иштетүү, кеме куруу, энергетикалык коопсуздук, илимий-инновациялык өнүктүрүү, машина куруу жана башка", — деди Усенбекова.
Ал ошондой эле КМШнын башкы тапшырмасы ага мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык байланыштарын тереңдетүү жана достук мамилени бекемдөө экенин эске салды.
Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн Бажы кызматынын башчыларынын жыйыны өтүүдө