Үчөө тең пилот болгон. Элчи Түркияда кырсыктаган тик учак тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Түркияда кырсыктаган тик учактагы төрт адамдын баары пилот болгон (үчөө кыргызстандык). Бул тууралуу элчи Руслан Казакбаев билдирди.
Анын айтымында, үч кыргызстандык Түркияга келишим менен эки айга келген.
Куткарылган пилот Эркин Исабеков ооруканада, абалы жакшы. Туугандары ооруканага бүгүн-эртең барып калары күтүлүүдө. Түрк басылмалары кыргызстандык учкуч жээкке өзү сүзүп чыгып, куткаруучулар аны ошол жерден табышканын жазышууда.
Эске салсак, Түркиянын Измир провинциясындагы токойдо өрт чыгып, аны тик учактын жардамы менен өчүрүп жатышкан. Учак жекшемби күнү "Тахталы" суу сактагычынан суу алып жатканда кулаган.
Алматыда түрк мамлекеттеринин катышуусу менен машыгуу өтүүдө. Сүрөт