ЖКККББ айып пулдун 33 млн. сомдук туумун чогултуу үчүн 122 млн. сом коротту

Мыйзам күчүнө кирсе төрт жылдан бери чогулган туумдар да кечирилет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Айдоочуларга салынган айып пулдун туумун өндүрүш үчүн бюджеттен үч эсе көп каражат жумшалган. Бул тууралуу парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде айтылды.
Мында ИИМ сунуштаган айып пулдардын туумун алып салуу мыйзам долбоору каралды.
Депутат Эльвира Сурабалдиева "сиздер берген анализге таянсак, 2022-жылы 33 миллион сомдук туумду өндүрүш үчүн чыгым 122 миллион сом болуптур. Ошон үчүн ушул мыйзамды киргиздиңерби?" деп сурады.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов ал дагы бир себеп болгонун айтты.
"Негизи эле туумдарды өндүрүш өтө кыйын, мыйзам, процессуалдык жагы татаал да. Муну алып салсак бюджет дагы үнөмдөлөт, элге да жеңилдик болот", — деди Исраилов.
Ошондой эле ал айып пулду убагында төлөбөгөндөргө туум алуу 2019-жылы жаңы кодекс менен кошо киргизилгенин эске салды. Мыйзам күчүнө кирсе төрт жылдан бери чогулган туумдар да кечирилет.
Ал эми Султанбай Айжигитов адилеттүү болушу үчүн мурда тууму менен төлөп койгон ак ниеттүү айдоочуларды көз жаздымда калтырбай, суммасын эсепке алып, кийин айып салынса ошону менен эсептөөнү сунуштады.
Автобустун тилкесине кирип алгандар 2-сентябрдан тарта айыпка жыгылат