Консулдук Измирде кулаган тик учакта Кыргызстандын үч жараны болгонун тастыктады

Бортто төрт адам болгон. Анын бири оор абалда ооруканада.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Измирде кулаган тик учакта КРдин үч жараны болгонун тастыктады.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлери кырсыктын чоо-жайын тактап, керектүү жардам көрсөтүү максатында окуя болгон жерге жөнөп кетишкени кабарланды.
Буга чейин Түркиянын Мендерес районундагы токойдо өрт чыгып, аны өчүрүп жаткан тик учак кулаганы маалымдалган. Бортто төрт адам болгон.
Консулдуктун маалыматы боюнча, учурда кыргызстандык бир жаран ооруканада. Үч адамды издөө иштери уланууда. Кырсык 16-сентябрда саат 23:53тө болгон.

"Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Стамбулдагы башкы консулдугу Измирдеги тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жана бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алууда", — дешти мекемеден.

Бишкек — Ош жолундагы кырсык: айдоочу жана үч кызы менен келин көз жумду