ЖМК: Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулады, ичинде үч кыргызстандык болгон

Бортто төрт адам болгон, анын бири куткарылып, оор абалда ооруканага жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Түркияда ичинде үч кыргызстандык болгон тик учак кулады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазууда.
Маалыматта айтылгандай, Түркиянын Измир провинциясындагы токойдо өрт чыгып, аны тик учактын жардамы менен өчүрүп жатышкан. Экипажда жалпы төрт адам болсо, анын үчөө кыргызстандык экендиги айтылат.
Түркиянын айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы учак "Тахталы" суу сактагычынан суу алып жатканда кулаганын билдирген.
Борттогу төрт адамдын ичинен экинчи учкуч катары иштеп жаткан кыргызстандык жаранды куткарып калышкан. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген. Учурда кулаган тик учактагы дагы үч адамды издөө иштери уланууда.
Өрт Измирдин Мендерес районундагы токойдон чыгып, тез арада чоң аймакка жайылган. Аны өчүрүүгө тогуз учак, 20 тик учак, суу ташыган 54 унаа, жумушчу 10 унаа жана 500гө жакын өрт өчүрүүчү тартылган.
Азырынча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуя тууралуу маалымат бере элек.
Кара-Сууда түндө чыккан ири өрт эртең менен өчүрүлдү