"Мурас Юнайтед" Кыргызстандын кубогуна ээ болду. Видео

Жалал-Абаддык "Мурас Юнайтед" Канттын "Абдыш-Ата" клубун 2:1 эсебинде утуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" футболдук клубу Канттын "Абдыш-Ата" клубун жеңип, Кыргызстандын кубогуна ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Футболдук беттеш 2:1 эсебинде "Мурас Юнайтед" клубунун жеңиши менен аяктады.
Жалал-Абаддан келген команда биринчи таймда Чыңгыз Ыдырысов киргизген гол менен 21-мүнөттө алдыга чыкты.
"Абдыш-Ата" экинчи таймда атаандашынын дарбазасына гол киргизип, эсепти теңдеди. 67-мүнөттө калыс канттык клубдун оюнчусунун колу топко тийгенин белгилеп, айып кагазын көрсөттү. Мындан кийин Артем Сердюк пенальтиден гол киргизди. Оюндун андан кийинки мүнөттөрүндө "Абдыш-Атанын" атаандашынын дарбазасына карата жасаган чабуулдан майнап чыккан жок.
"Мурас Юнайтед" — премьер-лиганын дебютанты, "Абдыш-Ата" — кубоктун беш жолку жеңүүчүсү жана өлкөнүн учурдагы чемпиону.
Садыр Жапаров "Барса" менен беттеште оюндан эмнеге эрте чыгып кеткенин айтты