Тайырбек Жумашбек уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Балбан 61 килограмм салмак категориясында беттешти.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Тайырбек Жумашбек уулу Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча чемпионатта коло медаль утту.
Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматы боюнча, балбан 61 килограмм салмак категориясында беттешип, алгач азербайжандык балбанды 5:0 эсебинде, чейрек финалда түркиялык балбанды 4:2 эсебинде утуп жарым финалга жолдомо алган.
Ал эми жарым финалда АКШ балбаны Виталий Аруджау менен күч сынашып жеңилген.
Коло байге үчүн күрөштө Тайырбек Жумашбек уулу япониялык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.
Бул – дүйнөлүк чемпионаттагы кыргыз курама командасынын биринчи медалы.
"Мурас Юнайтед" Кыргызстандын кубогуна ээ болду. Видео