Көөнө Сөз

Манасчы эпостогу "түккап" деген сөздү чечмелеп берди

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Манаста күтүүсүз, кокустан, байкоосуздан дегенди түшүндүргөн "түккап" деген көөнө сөз бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, "Манас" эпосу — кыргыздын гана эмес, адамзаттын улуу мурасы.

"Манаста "түккап" деген сөз кездешет. Анын мааниси кокустан, байкоосуздан, күтүлбөгөн жерден дегенди билдирет. Эпосто "түккап кирип кашайып, түкшүмөлдөп калбайлы, түйшүк-башты салбайлы" деп кандуу казаттагы чалгын учурунда айтылат. Анын сыңарындай, күтүүсүз учурда "түккап" сөзүн колдоно жүрөлү", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү кийинки муундарга жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз экенин кошумчалады.