Жарыксыз отурган Жумгалдын Кең-Суу айылына электр энергиясы тартыла баштады

Буга чейин аталган айылда электр жарыгы болгон эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кең -Суу айылына биринчи жолу электр энергиясы тартыла баштады. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
1 / 2

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кең -Суу айылына биринчи жолу электр энергиясы тартыла баштады

2 / 2

Президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимовдун жардамы менен 1 миллион 400 миң сомго 90 даана электр мамычасы сатып алынып, жеткирип берилген. Учурда орнотуу иштери жүрүп жатат.

Президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимовдун жардамы менен 1 миллион 400 миң сомго 90 даана электр мамычасы сатып алынып, жеткирип берилген. Учурда орнотуу иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары, Нарын облусунун "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом бөлүнүп, кошумча жабдууларды алуу каралууда.
Бул каражатка чакан айыл электр энергиясы менен толук камсыз болору күтүлүүдө. Буга чейин Кең-Сууда электр жарыгы болгон эмес. Ал жакта 21 түтүн жашайт.
Алайдын 80 пайызын электр энергия менен камсыздоочу ГЭСтин курулушу башталды