Экономика министрлиги кымбатчылыктын себептерин айтты

Мекемеден белгилешкендей, азык-түлүктөрдүн кымбатташынын себептеринин бири – ички рыноктун импорттон көз каранды болушу.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги бул жылы товарлардын бааларынын өсүшүнүн себептерин тизмектеди.
Керектөө бааларынын индекси (инфляциянын деңгээлин көрсөтөт) 105,5 пайызды түздү (2023-жылдын январынан август айына чейинки көрсөткүчү өткөн жылдын декабрь айындагы көрсөткүчкө салыштырылды). Ал эми инфляциянын бир жылдагы орточо деңгээли 112 пайызга жетти.
Спирт ичимдиктери менен чылымдын баасы 9,5 пайызга кымбаттады. Тамак-ашка кирбеген товарлардын баасы – 8,2 пайызга, тамак-аш жана суусундуктар – 3 пайызга, кызматтар үчүн тарифтер 6,2 пайызга кымбаттаган.
Ушул жылдын январынан августка чейин күрүчтүн баасы кескин түрдө 36,7 пайызга жогорулаган. Картошка болсо 34,5 пайызга кымбаттаган.
Мындай баалардын коюлушуна төмөнкү факторлор себеп болгон:
ички рыноктун азык-түлүк тобуна кирген (ун, өсүмдүк майы, кумшекер, дан азыктары жана башка) товарлардын импорттон көз каранды болушу;
азык-түлүк товарларынын баалары мезгилдерге карата өзгөрүүсү (жашылча, мөмө-жемиштер);
дүйнөдөгү геосаясий абалдан улам логистикалык байланыштардын бузулушу, мындан улам логистиканын баасынын кымбатташы.
Өкмөт баасын мамлекет жөндөй турган товарлардын тизмесин жарыялады