Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат

Өлкө башчы БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 17-21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (АКШ) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчы 18-сентябрда БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат. 19-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

"Ошол эле күнү президенттин Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана АКШ президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышуусу күтүлүүдө. Мындан тышкары, БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында мамлекет башчысынын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушуулары болот", — деди Азымбакиев.

21-сентябрда Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү катышкан кыргыз-америка бизнес форумунда сөз сүйлөйт, анда Кыргызстандын экономикалык потенциалы жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация уюштурулары айтылды.
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт