Зеленский Украина данын импорттоого тыюу салган коңшу өлкөлөрдү кекетти

Польша, Словакия жана Венгрия 16-сентябрдан тарта Украинанын данын импорттоого тыюу салууну бир тараптуу узартты, ал эми Будапешт Украинадан 24 товарды алып кирүүгө тыюу салды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Владимир Зеленский Еврокомиссиянын чечиминен айланып өтүп, Украина данын импорттоого тыюу салган өлкөлөргө “цивилизациялуу жооп” берерин айтып, кекетти.
Зеленский өзүнүн Telegram-каналында Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге Украинанын айыл чарба продукциясын ЕБге импорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечими үчүн ыраазычылык билдирип, муну “чыныгы биримдиктин жана ишенимдин мисалы" деп атады.
Анын айтымында, “азыр Европа биримдиги эки тараптуу деңгээлде иштеши маанилүү”. “Эгер алардын (коңшулары – ред.) чечими Евробиримдиктин мыйзамдарына каршы келсе, Украина цивилизациялуу түрдө жооп берет”, — деди Зеленский.
Буга чейин Еврокомиссия Украинанын айыл чарба продукциясынын төрт түрүн биримдиктин бир катар өлкөлөрүнө импорттоого койгон чектөөсүн узартпай турган болгон. Бирок Киевди экспорттук көзөмөл чараларын киргизүүгө милдеттендирген. Анткен менен Польша, Словакия жана Венгрия 16-сентябрдан тарта Украинанын данын импорттоого тыюу салууну бир тараптуу узартты. Ошол эле учурда Будапешт Украинадан 24 товардын түрүн алып кирүүгө тыюу салды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Украина менен “сүйлөшүү” темасындагы кутумчулук тууралуу айтты