БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара менен Евробиримдик эки ача жолго түшүшү ыктымал экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга учар алдында Стамбул аэропортунан маалымат жыйын курган.
Белгилей кетсек, Түркия 1963-жылы ЕБ менен ассоциациялашуу боюнча макулдашууга кол коюп, 1987-жылы мүчөлүккө билдирме таштаган. Бирок уюмга кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр 2005-жылы гана башталып, айрым пикир келишпестиктерден улам үзгүлтүккө учурап келген. Азыр 35 өлкөнүн 16сы боюнча досье ачык бойдон турат.
Буга чейин Эрдоган Батыш Түркияга берген убадасын 50 жылдан бери аткарбай, өлкөнүн ЕБге кошулуу процессин кечеңдетип жатканын айткан.
"Учурда Европа биримдиги Түркиядан оолактоого аракет кылып жатат. Бул менин азыркы кырдаалга берген так баам. ЕБ Түркиядан алыстаган кадамдарды жасап жатканда биз да өз корутундубузду чыгарып жатабыз, байкоолордон кийин Европа биримдиги менен эки жолго түшүшүбүз толук мүмкүн", — деди Эрдоган.
Өлкө башчы Швеция НАТОго качан гана Түркия ЕБге мүчө болгондон кийин гана кире аларын айткан. Ушундан кийин НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Эрдоган Швециянын билдирмесин ратификациялоо үчүн түрк парламентине болушунча эртерээк жөнөтүүгө макул болгонун жар салган. Ал эми өз кезегинде Швеция ЕБдин мүчөсү катары Түркиянын ЕБге кирүү процессин ылдамдатууну убадалаган.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Европа Түркияны өз катарынан көргүсү келбей турганын, мындан улам Анкара куру кыялга жетеленбеши керек экенин билдирген.