Таласта Колпоч баатырдын 320 жылдык мааракеси белгиленүүдө

Колпоч баатырдын урпактары Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында, көбүнчө Талас менен Аксы өрөөндөрүндө жашайт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 16-17-сентябрь күндөрү Талас шаарында Колпоч баатырдын 320 жылдык мааракеси белгиленет. Ага КР президентинин аппаратынын өкүлдөрү, Казакстандан келген санжырачы, тарыхчы жана окумуштуулар катышарын уюштуруучулар билдирди.
Иш-чара эки бөлүктөн турат:
Биринчи бөлүктө салтанаттын расмий ачылышы болуп, кыргыз-казак окумуштууларынын форуму өтөт. Анда илимпоздор Колпоч баатырдын тарыхтагы орду, анын келечек муундарга берген тарбиялык таасири тууралуу баяндама жасашат.
Экинчи бөлүм көк бөрү, аламан байге, кунан чабыш, ат чабыш, кыргыз күрөш сымал улуттук оюндар менен уланып, концерттик программа менен коштолот.
Колпоч баатыр 1703-жылы төрөлгөн. Ал Эр Эшимдин урпагы болуп эсептелет. Колпоч баатыр 18-кылымда кыргызды калмак баскынчыларынан коргоп, элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн баатырлардын бири. Урпактары Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында, көбүнчө Талас менен Аксы өрөөндөрүндө жашайт.
Нарын шаары 155 жашка чыкты. Архивдик жана азыркы сүрөттөр