Нарында медайымдардын жана агартуучулардын аллеялары ачылды. Сүрөт

Сейил бактарды көрктөндүрүүгө кесип ээлери өздөрү дагы көмөктөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Нарын шаарынын 155 жылдык мааракесинде медайымдардын жана агартуучулардын аллеялары ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3

Нарын шаарынын 155 жылдык мааракесинде медайымдардын жана агартуучулардын аллеялары ачылды

2 / 3

Ак халатчандардын аллеясынын узундугу 411 метр, ага бюджеттен 4 миллион сом бөлүнгөн

3 / 3

Медайымдар да каражат чогултуп, өздөрү иштеп көрктөндүргөнү белгиленди

Ак халатчандардын аллеясынын узундугу 411 метр, ага бюджеттен 4 миллион сом бөлүнгөн. Медайымдар да каражат чогултуп, өздөрү иштеп көрктөндүргөнү белгиленди.
Нарын медициналык колледжинин жалпы студенттери жана оорукананын кызматкерлери биригип аллеянын ачылышында шаңдуу ырларды ырдап, келген конокторду жана меймандарды таң калтырышты.
1 / 2

Ал эми Агартуучулар аллеясынын узундугу 196 метр болуп салынып, жергиликтүү бюджеттен 2,7 миллион сом сарпталган

2 / 2

Аны шаардык билим берүү башкармалыгы 350 миң сомго арка коюп, ак таш менен кооздоп, гүлгө ороп жасалгалаган

Ал эми Агартуучулар аллеясынын узундугу 196 метр болуп салынып, жергиликтүү бюджеттен 2,7 миллион сом сарпталган. Аны шаардык билим берүү башкармалыгы 350 миң сомго арка коюп, ак таш менен кооздоп, гүлгө ороп жасалгалаган.
Мындай иш-чараларга шаар бийлиги жана тургундары күбө болду.
1 / 3

Белгилей кетсек, кечээ, 15-сентябрда, Нарын шаарынын 155 жылдыгы белгиленип, борбордук аянтта кечинде концерт тартууланды

2 / 3

Салтанат фейерверктин атылышы менен жыйынтыкталды

3 / 3

Нарын шаарынын 155 жылдыгына карата концерт

Белгилей кетсек, кечээ, 15-сентябрда, Нарын шаарынын 155 жылдыгы белгиленип, борбордук аянтта кечинде концерт тартууланды. Салтанат фейерверктин атылышы менен жыйынтыкталды.
Нарын шаары 155 жашка чыкты. Архивдик жана азыркы сүрөттөр