Мэрия жаңы автобус айдоочуларын кабыл алууда талаптарды күчөтөт. Себеби

Ошондой эле жүргүнчүлөрдөн накталай жол кире алган айдоочулар жумуштан бошотулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын" директору Бакыт Темикеев айдоочулар арасында шашылыш жыйын өткөргөнүн калаа мэриясынан билдирди.
Жыйында жаңы автобустардын катышуусунда жол кырсыктардын көбөйүшү жана автобустардагы накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча маселелер каралды.
"Жол кырсыктарын четтетүү боюнча өтө катаал жана ыкчам чараларды көрүү милдеттери коюлду. Ошондой эле жаңы айдоочуларды кабыл алууда талаптарды күчөтүү тапшырылды", — деп билдирди мэрия.
Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдөн накталай акча алган айдоочулар аныкталса, жумуштан бошотууга чейин барган кескин чаралар көрүлөрү эскертилди.
Бишкектин чоң көчөлөрүнө автоунааларды кыйгачтатып токтотууну тыюу каралууда