Кара-Балтада пара алып жаткан жеринен улук сот аткаруучу кармалды. Видео

Кылмышка шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кечээ, 15-сентябрда, кызматтык кеңсесинде 26 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Жайыл районунун улук сот аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү буга чейин Кара-Балта шаарынын тургунуна тиешелүү дүкөн менен батирди камакка алган. Ал маселени оң жагына чечип берүү үчүн жабырлануучудан 500 доллар талап кылган.
Кармалган улук сот аткаруучуга карата "Опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кабинетке жеткиче иштен кетесиңер. Акылбек Жапаров чиновниктерге эскертүү берди