Радио

Бишкектин коомдук транспорт маселеси канткенде чечилет?

Коомдук транспорт боюнча серепчи Анарбек Койчубаев борбор калаадагы коомдук транспорттун ишин жакшыртуу чаралары тууралуу айтып берди.
Sputnik
Транспорт маселесин автобус же троллейбус сатып алуу менен гана чечүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Анарбек Койчубаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коомдук транспорттун ишин жакшыртуу үчүн техника да, адам ресурсу да жетишсиз.
"Учурда жаӊы автобустар сатып алынып, айрым көчөлөргө жаӊы линиялар кошулуп жатат. Бул абдан жакшы кадам. Бирок ошол техниканы башкарганга айдоочулар жетишсиз болуп турат. Алардын иштөө убактысы 8-11 сааттан ашпасы керек. Учурда коомдук транспорт жаатында кесипкөй адистер эмес, таптакыр башка чөйрөдөн келген адамдар иштеп жатат. Бизге комплекстүү, системалуу мамиле керек. Жол сызыктары, кесилиштерден баштап жөө адамдар өтмөгү, светофор жана транспорттун жүрүү графигине чейин карап чыгуу зарыл. Эгерде коомдук транспорт графикти так сактаса, аялдамалардагы жана жолдогу тыгындар бир топ кыскарат. Мындай режимге жетүү кыйын, бирок мүмкүн. Дегеле коомдук транспорт системасынын көйгөйүн чечүү үчүн муниципалитет, жүргүнчү ташуучулар, илимпоздор жана ар кандай профилдеги адистер бир тегерек столдо чогулушу керек. Бул маселе илимий мамилени жана эксперттик деңгээлдеги диалогду талап кылат", — деди Койчубаев.
Ал азыркы учурда микроавтобустарды линиядан алып салууга болбой турганын кошумчалады.