Бишкекте кыргыз-тажик чек ара жаңжалында каза болгондор эскерилди. Сүрөт

Сентябрь айындагы Тажикстан менен чек арада болгон жаңжалдан улам 63 кыргызстандык каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуялардын бир жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрдү.
Курман болгондорду эскерүүгө күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери жана Чек ара кызматынын өздүк курамы катышты.
1 / 5

УКМКнын Чек ара кызматы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуялардын бир жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрдү

2 / 5

Курман болгондорду эскерүүгө күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери жана Чек ара кызматынын өздүк курамы катышты

3 / 5

Митинг-реквием чек арачылардын күмбөзүнө гүлчамбар коюу менен башталып, каза болгон жоокерлерге багыштап куран окулду

4 / 5

Сентябрь айындагы Тажикстан менен чек арада болгон жаңжалдын натыйжасында 63 кыргызстандык, анын ичинде 49 аскер кызматкери каза болгон

5 / 5

Бишкектеги митинг-реквиемде Улуттук гвардиянын жоокерлери мылтык менен атышты

Митинг-реквием чек арачылардын күмбөзүнө гүлчамбар коюу менен башталып, каза болгон жоокерлерге багыштап куран окулду.
Сентябрь айындагы Тажикстан менен чек арада болгон жаңжалдын натыйжасында 63 кыргызстандык, анын ичинде 49 аскер кызматкери каза болгон.
Чек ара чырында каза болгондорго арналып эстелик мемориалы ачылды