Кой-Таштагы аскер бөлүктө балдар үчүн билим берүү комплекси курулмай болду

Комплексте 60 балага ылайыкталган бала бакча, окуу класстары жана оюн аянтчасы болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бүгүн, 16-сентябрда, Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүгүнүн шаарчасында аскер кызматчыларынын балдарына арналган социалдык-билим берүү комплексинин курулушуна капсула салынды. Ошондой эле жаңы спорт комплексинин ачылыш аземи өткөнүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Бүгүн, 16-сентябрда, Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүгүнүн шаарчасында аскер кызматчыларынын балдарына арналган социалдык-билим берүү комплексинин курулушуна капсула салынды

2 / 2

Ошондой эле жаңы спорт комплексинин ачылыш аземи өткөнүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди

"Долбоор 60 орунга ылайыкталган бала бакчаны, жыйындар залы менен билим берүү борборун, чет тилдер, компьютер жана тигүү класстары менен оюн аянтчасын камтыйт", — деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштери аяктаган соң керектүү жабдыктар жана эмеректер берилип, комплекстин аймагы көрктөндүрүлөт.
Баткенде кызмат өтөгөн 78 чек арачы турак жайлуу болду. Сүрөттөр