ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү. Жыйынтыгы

Масштабдуу операцияга 12 миңден ашык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. ЖККУ өлкөлөрү “Канал-Перехват” аттуу баңгизатка каршы субрегионалдык ири операция жүргүздү. Бул туурасында уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чара 11-15-сентябрь күндөрү болуп, 12 миңден ашык укук коргоо кызматкери, чек арачы, бажычы, чекист катышты. Ошондой эле Кытай, Иран жана башка бир катар эл аралык уюмдар байкоо салганы белгиленди.
Жыйынтыгы:
897 кг баңгизат жана психотроптук заттар алынды. Катуу таасир этүүчү заттар жана прекурсорлор да алынган;
48 ок атуучу курал, ар кандай калибрдеги 2 773 ок-дары алынды;
баңгизатка байланышкан 854 кылмыш аныкталды;
4 нарколаборатория жок кылынды;
399 адам кармалды, анын ичинен 44ү издөөдө жүргөн;
тыюу салынган маалыматтарды тараткан 444 сайт аныкталды;
300дөн ашуун адам катышкан 50 миңден ашык каржылык операция аныкталды;
операция учурунда аныкталган сумма миллиард рублден көп;
биргелешкен күч-аракеттер менен ири трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ ачыкталды.
Кыргызстандын куткаруучулары "Казкуткаруу — 2023" мелдешине катышууда