Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украиналык аскерлер Херсонго кайрадан сокку урду

Украиналык аскерлер Новая Каховканы байма-бай аткылап турушат. Соңку жарылуу шаршембиде жаңырган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусунун Новая Каховка шаарындагы эл жашаган кварталга сокку урушту. Бул туурасында РИА Новости шаардык администрацияга шилтеме кылып жазды.
"Окуя болгон жерде авариялык-куткаруучу кызматтар иштеп жатат", — деп билдиришкен жергиликтүү бийликтен.
Сокку Москва убактысы боюнча саат 9:50 чендерге урулган. Ал жердеги үйлөрдүн бири электр кубатысыз калган.
"Кеминде анын жанында жайгашкан көп кабаттуу төрт үй жана мектеп талкаланды", — деген Новая Каховка шаардык округунун башчысы Владимир Леонтьев.
Украиналык аскерлер Новая Каховканы байма-бай аткылап турушат. Шаршемби күнү газ түтүгү талкаланган. Андан эки күн илгери шаарга сокку урушуп, электр кубаты менен камсыздаган система бузулган. Мындан сырткары, снаряддар суу каналынын аймагы менен Тез жардам кызматынын станциясына түшкөн.
Херсон облусу Россиянын курамына 2022-жылы сентябрда жалпы элдик добуш берүү — референдумдун жыйынтыгы менен кошулган. Анткен менен Украина анын мыйзамдуулугун тааныбай, облустун аймагын аткылоону токтотпой келет.
Бүгүнкү күндө Херсон облусунун 75 пайызы Россиянын көзөмөлүндө. Ал эми Херсон кирген Днепрдин оң жээгиндеги бөлүгүн Украинанын Куралдуу күчтөрү кармап турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецкиде чачырама снаряддар менен аткылоодон турак жай өрттөнүп кетти