БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы экс-чемпиону Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен ушул жекшемби күнү реванштык беттешке чыгат.
Аталган турнир Лас-Вегаста (АКШ) 16-сентябрда болот, бул күнү Мексиканын көз карандысыздык күнү белгиленет. Шевченконун беттеши кеченин башкы таймашы болмокчу.
Эскерте кетсек, мушкерлер ушул жылдын мартында күч сынашып, натыйжада Шевченко муунтуу ыкмасынан улам жеңилип, UFC чемпиону титулун коргой албай калган. Бул кыргызстандык мушкер кыздын 2017-жылдан берки биринчи утулушу эле. Андан кийин Шевченко дароо эле реванш өткөрүүнү талап кылган.
Кыргызстандык мушкер ММА спортундагы карьерасында 23 жолу атаандашын жеңип, төрт ирет жеңилүү ызаасын тарткан. Өткөн жылы Валентина кыз-келиндер арасында титулун эң көп (жети жолу) коргоп рекорд жараткан. Грассонун эсебине 16 жеңиш, үч жеңилүү учуру жазылган.