Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров Украина менен “сүйлөшүү” темасындагы кутумчулук тууралуу айтты

ТИМ башчысы Украинанын айланасындагы кырдаалды жөнгө салуу тематикасы боюнча элчилердин тегерек столунда сүйлөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Россия-украин сүйлөшүүсү темасынын айланасында чыныгы кутумчулук жана дипломатияны жамынып алып бүлүк салуу аракети болуп жатат. Бул туурасында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Ал бүгүн Украинанын айланасындагы кырдаалды жөнгө салуу тематикасы боюнча элчилердин тегерек столунда сүйлөдү.
Лавровдун билдирүүсүнүн урунттуу учурлары:
Батышта чыныгы, объективдүү маалыматтарды көшөгө артына жашырууга жан далбастап аракет кылышууда;
АКШ менен НАТО 2021-жылдын аягында Россия Украинаны альянска кошуудан баш тартууга багытталган коопсуздук кепили жөнүндө келишимди сунуштаганда четке кагып салган;
Батыштагы өнөктөштөрдүн мындай позициясы Россияга атайын аскердик операция жүргүзүүдөн башка айла калтырган жок. Украинанын аймагынан чек арага чейин келип, Россиянын коопсуздугуна аскердик коркунучтар көз көрүнөө жаралды;
Президент Владимир Путин бир нече жолу Россия тарап эч качан сүйлөшүүлөрдөн баш тартпаганын айтты;
2022-жылы “Түндүк агым” газ түтүктөрү жардырылды. Аны иликтөөгө кызыгып бир да козголуп койгон жок;
Батыш талап кылып жаткан “Зеленскийдин формуласында” Россиянын жетекчилигин жоопко тартып, РФ репарация төлөөгө мажбурлоо каралган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ эмнеге Украинаны согушту улантууга түртүп жатат. РФ лидеринин пикири