Кыргызстанда "МегаФон" иштеп баштайт, бирок өзүнүн уюлдук байланышын колдонбойт

Тараптар бир катар сынамык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Россиялык "МагаФон" компаниясы октябрдан тарта Кыргызстанда иштей баштаарын "Кыргызтелеком" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Аталган компания өлкөдө өзүнүн уюлдук байланышын ишке киргизбей турганы, тек гана санариптик долбоорлор менен алектенери кабарланды.
"МегаФондун" улуттук долбоорлор боюнча директору жана Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Александр Колошин менен "Кыргызтелекомдун" жетекчилиги жолугуп, кызматташуу жагдайларын талкуулашкан. Тагыраагы, шаарды көрктөндүрүү, транспорт коопсуздугун камсыздоо жана өндүрүштүк процесстерди санариптештирүү сыяктуу бир катар пилоттук долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча сүйлөшкөн.
Ошондой эле тараптар бизнес (b2b) жана бизнес менен мамлекеттин мамилеси (b2g) тармагында санариптик чечимдер тууралуу биргелешкен сунуштарды карашканы айтылды.
Бийлик MEGA компаниясы жеке колго өтпөй, мамлекеттик менчикте каларын айтты