Радио

Саясий серепчи: курултай — бул "маданияттуу митинг"

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев Курултай институту саясий стабилдүүлүккө оң таасир тийгизе турганын белгиледи.
Sputnik
Курултай — бул кандайдыр бир деңгээлде уруксат берилген "маданияттуу митинг". Бардык ачуу кептер, сындар ошол жерден айтылышы шарт. Мындай пикирин Бакыт Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ошондо элдин сөзү, талабы айтылган болот.
"Курултайчылардын арасында "чурултайчылар" болушу керек. Мына ошолор ачуу кептерди, сынды айтып, элдин сөзүн жеткирет. Анан келип эле баарын мактап, кол чаап кетип калышса эл ага ыраазы болбойт. Ошол айтылгандардын арасынан бийлик аткара ала тургандарын, жүйөлүү сындарды иргеп алышы шарт. Бул өлкөнүн саясий стабилдүүлүгүнө позитивдүү жагдай түзөт. Анткени алар аянтта чогулуп чурулдаса бийликтин, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал. Ал эми курултайдын алкагында айтылса, ага реакция жасалса жакшы натыйжа берет. Анткени ал кандайдыр бир деңгээлде "маданияттуу митинг" болуп, саясий маданияттуулуктун алгачкы кадамы. Акыры ошого барышыбыз керек", — деди Бакетаев.
Ошондой эле ал курултайчыларды тандоодо калыссыздыкка жол берилбей баары ачык болушу керектигин кошумчалады.