Баткенде кызмат өтөгөн 78 чек арачы турак жайлуу болду. Сүрөттөр

Үйлөр тиричилик техникасы менен толук жабдылган. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Баткендин Кулунду жана Төрт-Күл айылдарында кызмат өтөгөн чек арачыларга жаңы турак үйдүн ачкычы тапшырылганын УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
1 / 4

Баткендин Кулунду жана Төрт-Күл айылдарында кызмат өтөгөн чек арачыларга жаңы турак үйдүн ачкычы тапшырылды

2 / 4

Салтанатка УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, президенттин Баткен облусундагы өкүлү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы жана ардагер чек арачылар катышты

3 / 4

Үйлөр тиричилик техникасы менен толук жабдылган. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланды

4 / 4

Кулунду айылында чек ара заставасынын имараты курулуп бүтүп, 30 чек арачы эки-үч бөлмөлүү батирлердин ээси болду, ал эми Төрт-Күл айылында 48 чек арачыга жаңы үйдүн ачкычы тапшырылды

Салтанатка УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, президенттин Баткен облусундагы өкүлү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы жана ардагер чек арачылар катышты.
Кулунду айылында чек ара заставасынын имараты курулуп бүтүп, офицердик курамдын турак жайы жана казармалык жайлар толугу менен реконструкцияланган. Мында 30 чек арачы эки-үч бөлмөлүү батирлердин ээси болду.
Төрт-Күл айылында 48 чек арачыга жаңы үйдүн ачкычы тапшырылды. 300 чарчы метр аянтты ээлеген турак үйдө спорттук зал жана балдарга кошумча билим берген жай каралган.
Ачкычтарды тапшырып жатып УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек арачылардын эмгегине баа берди.
"Эл өзүнүн коопсуздугун жана өлкө бүтүндүгүн силерге ишенип тапшырып берди. Баткенде тынчтык болсо Кыргызстанда да, жалпы Борбор Азия регионунда да тынчтык болот. Өлкө жетекчилиги силерден кынтыксыз кызматты талап кылуу менен бирге социалдык маселелерди да өз убакында чечүүгө чоң көңүл буруп жатат", — деди Ташиев.
Маалыматта №2022 аскер бөлүгүндө дагы бир турак жайдын курулушу жүрүп жатканы, аны кийинки жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берүү пландалганы айтылды.
Ысык-Атада 36 чек арачыга жаңы батирдин ачкычы тапшырылды. Сүрөт