Чек ара чырында каза болгондорго арналып эстелик мемориалы ачылды

Эстелик мемориалында чек ара чырында каза болгон кичинекей Мадина колуна жети көгүчкөн кармап турат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өтүп, эстелик мемориалы ачылды. Бул туурауу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
1 / 5

Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өтүп, эстелик мемориалы ачылды.

2 / 5

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, мекенди коргоп жатып баатырларча курман болгон мекендештерди эскерүү тирүүлөрдүн инсандык милдети экенин белгиледи.

3 / 5

Иш-чарада каза болгон мекендештерге арналып куран окулду.

4 / 5

Белгилей кетсек, эстелик мемориалында чек ара чырында каза болгон кичинекей Мадина колуна жети көгүчкөн кармап турат.

5 / 5

Мадина Рахматжанова 2021-жылдын апрелинде чыккан жаңжалда көз жумган. Секелек болгону 12 жашта эле...

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, мекенди коргоп жатып баатырларча курман болгон мекендештерди эскерүү тирүүлөрдүн инсандык милдети экенин белгиледи.
"Биз дайыма алардын эрдигине баш ийип, таазим этебиз! Өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып жатып шейит кеткен аскер кызматкерлеринин, катардагы жарандарыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Алар өзү үчүн өлгөн жок. Эли, жери, жакындары жана мекени үчүн жанын берди. Мындан өткөн баатырдык барбы? Бул — эр-азаматтарыбыздын эрктүүлүк, тайманбастык сапаттарынын далили. Чек арадан чегинбеген Манас атанын урпактары турганда өлкө бүтүндүгү бекем сакталат деген ишеничим чоң", — деди Алимбаев.
Иш-чарада каза болгон мекендештерге арналып куран окулду.
Белгилей кетсек, эстелик мемориалында чек ара чырында каза болгон кичинекей Мадина колуна жети көгүчкөн кармап турат. Мадина Рахматжанова 2021-жылдын апрелинде чыккан жаңжалда көз жумган. Секелек болгону 12 жашта эле...
Эстелик мемориалынын автору — жергиликтүү скульптор Абдисапа Калматов.
Чек ара чырында курман болгон Жанибек Якубовго эстелик тургузулду