БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. АКШнын Ички коопсуздук министрлиги 2024-жылы өлкөдө террордук кооптуулук жогору болуп, чет жактагы радикалдык топтор мурдагы таасирин калыбына келтирүүгө аракет кыларын божомолдоп жатат. Бул туурасында РИА Новости алардын бюллетенине таянып жазды.
"Радикалдашкандар тарабынан АКШга зомбулук жасалат деген коркутуп-үркүтүүлөрү курч болуп, бирок түпкү нугу өзгөрбөйт, негизинен жалгыздап жүргөндөр же жарыялабай эле топ болуп алгандар кол салат деген күтүү бар", — деп айтылган министрликтин документинде.
Бюллетендеги маалыматка таянсак, АКШнын террорчулук менен күрөшүү жаатындагы аракети өзүнүн жемишин берди. Вашингтон "Аль-Каида"* же "Ислам мамлекети"* сыяктуу террордук топтор мурдагы таасирин калыбына келтирип, чет жакадан туруп чабуул жасоого аракет кылат деп күтүп жатат.
"Коркунучтар боюнча коомчулук менен пикир алышуу — азыркы кооптуулук улам артып бараткан маалда биздин мекенди коргоонун өтө маанилүү болгон стратегияларынын бир бөлүгү", — деген ведомствонун жетекчиси Алехандро Майоркас.
Мексика менен чек арадагы кырдаалды анализдеген АКШнын Ички коопсуздук министрлиги чек ара, иммиграциялык коопсуздук тармагындагы өлкө туш келген кыйынчылыктар эмдиги жылы деле уланарын билдирген. Вашингтон мыйзамсыз кирген мигранттардан сырткары түштүк чек ара аркылуу ташылган фенатил жана башка баңгизаттын көбөйүшүн күтүп жатканы айтылган.
* Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм