Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн Бажы кызматынын башчыларынын жыйыны өтүүдө

Отурумга Россиянын Федералдык бажы кызматы төрагалык кылууда.
Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 14-сен. — Sputnik. КМШ мамлекеттеринин Тартип сактоо бөлүктөрүнүн жетекчилеринин комитети менен Бажы кызматынын төрагалар кеңеши Ысык-Көлгө жыйынга чогулду.
Иш-чарага Кыргызстандын, Азербайжандын, Армениянын, Россиянын, Беларустун, Казакстандын жана Өзбекстандын бажы органдарынын өкүлдөрү катышууда.
КМШ мамлекеттеринин Тартип сактоо бөлүктөрүнүн жетекчилер комитетинин жыйынына Россиянын Федералдык бажы кызматынын төрагасы Олег Губайдуллин төрагалык кылууда.
Жетекчилер жана келген өкүлдөр бажы жаатында жасалган кылмыштарды, эреже бузууларды, анын ичинде аткезчилик менен баңгизаттын мыйзамсыз айландырылышына каршы күрөштүн ыкмаларын талкуулашмакчы.
Жыйында Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков бул жааттагы эл аралык кызматташтыктын зарылдыгын белгиледи.
Баа төмөндөп, сапат жогорулайбы? КМШдагы жаңы келишим эмнеге алып келет?