БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. ӨКМ 15-16-сентябрда жаай турган нөшөрлүү жаан-чачындан улам Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертип, шашылыш билдирүү таратты.
Министрлик тургундарды үй жанындагы жана чарбактардагы арыктарды, сел суулары агуучу дренаждык каналдарды таза кармоого чакырууда. Кырсык катталган учурда 112 кызматына чалуу керек.
Буга чейин 2-август күнү кечинде нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Байзак айылындагы алты жана Кең-Суу айылындагы эки үйдүн жер төлөсүн каптаган. Айыл өкмөттүн чечими менен бул аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Андан көп өтпөй Түптөгү Корумду, Коочу жана Талды-Суу айылдарында катуу сел жүргөн эле.